ЖККУ жыйынына Бишкекке келген Путин отурган учак туманда кантип конду? (Видео)

«Россия 24» каналы №1 борт менен Президент Путин келген учак коюу туманда Бишкекке кантип чеберчилик менен конгонун видеодо көрсөттү.

Кабарчынын айтымында, тумандан килейген «Ил- 96» учагы учагы араң көрүнгөн. Президент Путин Бишкекке келаткан №1 борт аба ырайынын абдан катаал шартында, коюу туманда учакты абдан чеберчилик менен кондурган

«Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропорту коюу тумандан 9 саат бою жүргүнчүлөрдү кабыл албай турган. Бирок айрымдар тобокелге барышты».

Ал эми учкучтар «Бул тобокел эмес, бул иште тобокел болбошу керек. Бул-кесипкөйлүк» дешти.

Учактын экипажы сейрек интервьюну беришкен.

Путин келе жаткан «Санкт-Петербург-Бишкек» багытындагы учактын экипажы мындай деп билдирген:

«Аба ырайы ар бир он мүнөт сайын өзгөрүп турду. Коноор маалда аба ырайы начарлап кетти. Биз бирок ага даяр болчубуз. Бизде майдын запасы бар болчу, эгер керек болсо күтүү зонасында күтө алмакпыз же запастагы жакка, Алматага деле, учуп кетмекпиз. Ошол учурда диспетчер «көрүнүү-350» деп белги берди. Бул аэродромдун минимумуна туура келген. Ал эми конуп жатканда «көрүнүү -500 гө чейин түшүп кетти» деди экипаж.

Ошол убакта көп учак Бишкекке конбой, Алматыга учуп кеткен. Путин отурган учак Бишкекке аман-эсен конгон.

Учак конгондон кийин Президент Путинди тоскон Президент Жээнбеков да тумандан көрүнбөй калган.

29-ноябрда Бишкекте ЖККУ жыйынына жыйынына Путин өз убагында катышты.

Видео: «Россия 24» телеканалы.

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты