Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт

  • 4 года мурун

14-15-ноябрьда Бишкекте IV республикалык “Карек” аттуу балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт.

Аталган кинофестиваль КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, билим берүү жана илим министрлиги, кинематографисттер союзу, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кристенсен фонду жана «Айтыш» коомдук фондунун колдоосу менен өтөт.

Кыргызстандагы 10-17 жаш аралыгындагы режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түштү. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты делген тасмалар сыйлыктарын алышат жана жалпы катышуучуларга дипломдор тапшырылат.

15-ноябрда жаш кино өнөрпөздор борбордогу “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине катышат.

Бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбук, уюлдук телефон жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын “Карек” статуэткалары берилет.

Мындан сырткары, бул жылдын өзгөчөлүгү катары БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан «Балдар укуктары жөнүндө конвенцияга» арналган атайын “Тумар” сыйлыгы да өз ээсин жаш киночулардын арасынан табат.

Тасмалар төмөнкү номинациялар үчүн ат салышат: “Мыкты көркөм тасма”, “Мыкты даректүү тасма”, “Мыкты анимациялык тасма”, “Мыкты режиссер”, “Мыкты оператор”, “Мыкты сценарист”, “Мыкты монтажер”, “Мыкты актриса”, “Мыкты актер”, “Калыстардын атайын сыйлыгы”, «БУУнун Балдар фондунун атайын Тумар сыйлыгы.»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты