Ашканадагы жарылуудан жарат алгандардын жетөө — ооруканада

  • 4 года мурун

8-ноябрда Бишкектеги «Антошка» ашканасындагы жарылуудан жараат алгандардын алтоо Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, бирөө Бишкек шаардык «Тез жардам» балдар ооруканасында дарыланып жатат. Жарылуудан жараат алган дагы үч киши дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалымат боюнча, жарылуудан 26 жаштагы бир кишинин денесинин 30 пайызы, 30 жаштагы кишинин денесинин 25 пайызы, 17 жаштагынын денесинин 12 пайызы, 12 жана 15 жаштагы эки баланын денесинин 5 пайызы, 18 жаштагы дагы бир кишинин денесинин 3 пайызы күйгөн. Дагы бирөө токсикология бөлүмүндө дарыланууда.

Министрлик жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын жана бардык дары-дармектер жетиштүү экенин билдирди.

8-ноябрда, түштөн оогондо Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп,бир адам ошол жерде мерт болгон.

Кырсыктан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга жарылуунун себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттүн аянты болжол менен 100 м2 түзгөнүн, өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты