Кыргызстандык “калькулятор бала” россиялыктарды таң калтырды (Видео)
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
“Удивительные люди” (“Таң каларлык адамдар”) россиялык телеканалында кыргызстандык 12 жашар Арсен Рахымбеков калыстарды жана көрүүчүлөрдү сандарды укмуштай тездик менен кошуп, көбөйтүп санай алгандыгы менен тан калтырды.
Телеберүүдө ал өзү тууралуу минтип айтты:
“Мени “калькулятор бала” деп айтышат. Сандарды тез кошуп, көбөйтүп эсептеген бир баланы көрүп, мен да үйрөнгүм келген. Ошентип, биз иним экөөбүз менталдык арифметика сабагына бара баштаганбыз” деди ал.
Борбор Азиядан жалгыз Арсен Рахымбеков 2018-жылы менталдык арифметика боюнча дүйнө олимпиадасына катышкан. Анда дүйнө жүзү боюнча 40 бала танджалып алынган. Арсен жакында Ысык-Көлдө өткөн мелдеште биринчи орунду ээлеген.
Ал сандарды 0,3 милли секундда эсептеп чыга алат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.