Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуунун мыйзамдуулугун карайт
- 5 лет мурун
Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президенттик макамын алуунун баш мыйзамга ылайыктуулугун карайт.
Бул маселе 23-октябрда карала турганын Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Парламентте Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратууга 103 депутат «макул», 6-«каршы» добуш берген.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчо оор кылмыштар боюнча айып тагылган.
Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта боло тургандыгы тууралуу чечим чыккан.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү