16-сентябрдагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 16-сентябрда күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+29;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




