16-сентябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет кызматы алдын ала билдиргендей, 16-18-сентябрда өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөгөн жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бүгүн, 16-сентябрда, күндүз  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 19…21° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты