16-мартта: Айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт  

  • 3 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 16-мартта, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт, карга айланышы ыктымал, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, секундуна 1-6 метрге чейин жетет.    

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+12;

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8 …+10° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты