16-март: Бир катар аймактарда жаан жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн, 16-мартта, түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, калган облустарда жаан күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 14…19;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндуз 13…18;
Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16-21;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 16…21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7 күндүз 5…10;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз 17…19° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан