16-майдагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 16-майда, күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +8…+10, күндүз +26…+28.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




