16-майдагы аба ырайы: 39 градуска чейин ысыйт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, бүгүн, 17-майда, Кыргызстанда түнкүсүн жаан күтүлбөйт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Ош, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана башка жерлерде жаан күтүлбөйт
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…39;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 32…37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 35…37 градус ысык болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 16-17-майында ысык аба-ырайы күтүлөт:
– Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин;
– Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы