16-июлда: Ысык-Көл, Чүй, Баткен облустарында күндүз жаан жаашы күтүлөт

  • 11 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн 16-июлда, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү райондорунда жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт.    

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22 … күндүз +32…+37;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18 … күндүз +30…+35;

Баткен облусунда түнкүсүн +19…+24 … күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24 … күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17 … күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14 … күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус болушу күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты