16-июлда: Айрым жерлерде 41 градуска чейин күн ысыйт
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 16-июлда, Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40;
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +21…+23, күндүз +37…+39.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




