16-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 16-февралда, эртең менен туман каптайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жана тоого жакын жерлерде жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын жаабайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн 2…+4, күндүз +15…+17.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




