16-февраль: Кар жаайт жана туман түшөт
- 4 недели мурун
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, бүгүн, 16-февралда, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарында кар жаайт. Күндүз бир катар жерлерде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6
Нарын облусунда тункүсүн -11…-16, күндүз -4…+1
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 3…5° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан