16-августта: Айрым жерлерде өткүн өтөт, 39 градуска чейин ысык күтүлөт
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 16-августта, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү жерлеринде жана башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+39;
Баткен облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




