16-апрелде: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 16-апрелде, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +16…+18.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




