Ош облусунда жер титиреди
- 5 лет мурун
Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу сейсмология институтунун маалыматына таянып, өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 2-октябрда, саат 12:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү