Айылды өнүктүргөн жаштар

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Түз-Бел айылы. Өткөн жылдагы жаратылыш кырсыгы айылга бир топ зыян алып келген. Айылды иретке келтирип, жаштар менен биргеликте элеттиктердин көйгөйүн чечкен ийгиликтүү айылдык ишкер Асылбек Жолдошев жөнүндө айтып беребиз.

Айылды өнүктүргөн жаштар

Сүрөттөгү Түз-Бел айылынын бир чети болгону менен жергиликтүүлөрдүн талаага каттачуу негизги жолдорунун бири. Буга чейин көпүрө жок болгондуктан жолду сел алып кичинекей арык чоң каналга айланып калган. Асылбек Жолдошев айылдагы жаштарын уюштуруп, көпүрө курууга киришти.

Өткөн жылы жолдун абалы өтө оор болчу. Айыл өкмөт шагыл төгүп берген. Анан Кең-Суу деген жерге көпүрө салып жатабыз. Элдерди уюштуруп айыл өкмөт кальцолорун алып берген эле. Калган нерселерин эл өзү кылып жатат. Кээ бирлери техникаларын берип жатат, кээ бирлери оор жүк ташуучу камаздарын алып чыгып жардам берип жатат. Айрымдары балдарын берип жумушчу күчүн көбөйтүп жатат.

Айылды өнүктүргөн жаштарАсылбек Жолдошев

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты

Жаштар көпүрөгө керектелчү таштарды айылдын көчөлөрүнөн терип, тазалашты. Антпесе башка жактан таш жүктөп келүүгө каражат керек болот.

Түз-Бел айылынын дээрлик ар жылы катуу жааган жаандан улам сел жүрүп турат. Ошондуктан көчөлөргө шагыл төшөп турбаса, сел жууп кетет деп айылдыктар кооптонушат. Өткөн жылдан бери жергиликтүүлөр өздөрү демилге көтөрүп, көйгөйлүү маселелерди чечкенге аракет кыла баштады. Айылдын ички ишин бүтүрүүдө жаштар алдыга чыгууда.

Тойчу Абжапаров, Түз-Бел айылынын тургуну:

«Айылдын жаштары өздөрү эле демилге көтөрүшүп, өкмөттү күтпөй эле жолду тазалап иретке келтирип жатабыз. Айрыкча жаш депутатыбыз Асылбек Жолдошев жаштарды ушундай уюштуруп жатат. Башка жакты карап отурбай эле айылдын көйгөйлөрүн чечип, жолубузду тегиздеп алалы деп жатабыз.»

Иш-учуру:

Айылды өнүктүргөн жаштарЖаштар айылдагы фелдшердик пункттун айланасы тар болгондуктан учурда аны кеңейтүүнү колго алды. Буга чейин пайдаланылбай келген жерди айыл жаштарынын демилгеси менен оңдолуп кеңейтилүүдө. Эми келерки жазга көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт. Ошондой эле бейтаптардын эс ал алуусуна шарт түзүлмөкчү.

Асылбек Жолдошев Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты:

«Туз-Белдин айылынын ооруканасынын аянты башында кичине болчу . Ошондуктан быйыл айыл өкмөтүбүздүн колдоосу менен кеңейтик. Келечекте бул жерге элдер эс ала турган скверче кылайын деп жатабыз. Ушул жерге жаткан адамдар эс алып, көрктөндүрүү арчаларды карагайларды эгели деген ойлор бар. Быйылкы жылы айланасын тосуп алсак келерки жылы көрктөндүрүү ишин баштайбыз«,-деди Асылбек Жолдошев

Түз-Бел айылында деерлик ар жылы катуу жааган жаандан сел жүрүп турат. Мына ошондуктан көчөлөргө шагыл төшөп турбаса сел жууп кетүү коркунучу күч. Өткөн жылдан бери жергиликтүүлөр өздөрү демилге көтөрүп көйгөйлүү маселелерди чече баштады.

Айылдыктардын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бир топ көбүрөөк иштер аткарылган. Мисалы, жарыктандыруу, көпүрө куруу, айылдын жолдоруна шагыл төшөө сыяктуу иштер аткарылган. Жаштардын алдыда көптөгөн пландары бар. Ушул жылдын аягына чейин айылдагы бардык көчөлөрду сүрдүрүп шагыл төшөөнү пландап жатышат.

Айылды өнүктүргөн жаштарМаслатбек Бекташов. Түз-Бел айылынын башчысы

Жалпак-Таш айыл аймагында жалпысынан жети айыл бар. Анын эң чоңу Түз-Бел айылы болуп эсептелет. Бул айылда 328 кожолук болуп, эки миңден ашуун калк жашайт. Айылда көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийликтин каржысы жетпегендиктен көп иштер жаштардын күчү менен бүткөрүлүп жатат.

Учурда Түз-Бел айылында сел каптап кетүү коркунучу күч. Жергиликтүү бюджет 25 миллион сомго жеткен. Бирок бул каражат айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө аздык кылат. Ошондуктан айылдагы ички иштерди бүтүрүүдө жаштардын жана жергиликтүүлөрдүн өз алдынча аракети зарыл.

«Илгерки ылай болуп жаткан көчөлөргө шагыл төшөп жарыктандыруу кылып, орукана жана мектептерди оңдоп, жаштар менен иштеп жатабыз. Азыр жолду тазалап отуздан ашуун жаштар иштеп жатат. Ошондуктан азыр биздин жаштар элдин арасындагы эң демилгелүү күч болуп жатат»,-деди Маслатбек Бекташов

Жалпак-Таш айыл аймагынын жолу Өзгөн району боюнча эң оор жол болуп эсептелет. Ошондуктан бул жол үчүн мамлекеттик бюджеттен 2017-2018-жылы 32 миллион сом бөлүнгөн. Анын жыйынтыгында айыл аймактагы жолдорго шагыл төшөлүп, жаңы көпүрө салынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты