Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 9 талапкер боюнча соттор кеңешинин сунуштарына макулдук берди.
8 талапкер боюнча материалдарды соттор кеңешине кайтарып берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган жарлыктарга ылайык, дайындалган 9 судья милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:
— Чүй облусунун Жайыл райондук соту: Чынара Саадабаева, Гүлхат Усакпаева;
— Москва райондук соту: Кубатбек Дубанаев;
— Панфилов райондук соту: Жылдыз Сайдылдаева;
— Сокулук райондук соту: Манасбек Кулмурзаев, Нурмат Самаков;
— Токмок шаардык соту: Урматбек Абдырахманов;
— Чүй райондук соту: Алтынай Шаршеева;
— Ысык-Ата райондук соту: Нурбек Тажибаев.
Муну бөлүшүү