Андрей Воропаев: «ЖЭБде авария болгон жок. Агрегат убактылуу иштебей калган» (Видео)

Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев бүгүн Бишкек ЖЭБинде авария болгон жок, убактылуу иштебей калды деп билдирди.

-Бүгүн, 6-сентябрда, эртең мененки саат 9.52 мүнөттө ЖЭБ ишинде №7 турбо агрегат иштебей калды. Анын себеби зым учтары бириге калып, машина токтоп калган, -деди Воропаев.

Аны ондоп жаткан слесарлар колдорун күйгүзүп алган. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алар шаардык 4-оорукананын күйүккө чалдыккандар бөлүмүндө жатат.

ЖЭБ директору Ворпаевдин айтымында,учурда турбина иштеп жатат. Бул авария эмес, убактылуу иштебей калуу, адистерче айтканда 2-даражадагы иштебей калуу. Ошондуктан шаардыктарды кабатыр болбоого чакырып, электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилбегенин жана киргизилбей турганын, баары көзөмөлдө экенин билдирди.

Бишкек Жылуулук электр борборунун №7 турбинасы жарылып, эки киши жабыркады деген ЖМКда маалымат тараган. .

2018-жылы кыш мезгилинде ЖЭБде авария болуп, шаардыктар бир жума жылуулуксуз калган. Бул кырсыктын аягы ЖЭБдеги коррупциянын бетин ачууга себепчи болгон.

Бул кылмыш иши боюнча бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголуп, кээ бирлери жазасын алып, кийинки сот иштери улантылып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты