​Прокуратура органдары жарым жылдын жыйынтыгын чыгарды

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура ушул жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жарым жылда прокуратура органдары коррупцияга каршы 1640 текшерүү жүргүздү, 1376 акты жазылды.

Мамлекетке 47 млн. 614 миң 991 сом акчалай өндүрүлүп берилди.

Айрыкча жарандардын укугу менен эркиндигин коргоого маани берилди.

Бул жагынан 1051 текшерүү жүрдү, мамлекетке 8 млн.747 мин 321 сом өндүрүлдү.

Жашы жете электер боюнча 103 текшерүү болуп, 153 акты түзүлдү, 3 млн. 614 миң 838 сом мамлекетке өндүрүлдү.

Ал эми мыйзамдуулукту кароо боюнча 2 миң 709 иш текшерип, 79 миллион 480 миң 808 сом, бардыгы биригип, 139, 4 млн сом өндүргөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты