Бүгүн күн 39 градуска чейин ысыйт
- 5 лет мурун
Бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда — түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Талас облусунда — түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда — түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда — түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Нарын облусунда — түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүзгү жогорку температура 36…38 градуска жетет.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү