15-майдагы аба ырайы: 37 градуска чейин ысык болот
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 15-майда, түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган жерлерде жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 32…34 градус ысык болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 16-17-майында ысык аба-ырайы күтүлөт:
– Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин;
– Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы