15-июндагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 15-июнда, Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg




