15-июнда: Көпчүлүк жерлерде 35 градуска чейин ысык болот
- 4 недели мурун
Кыргызгдромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 15-июнда, түнкүсүн Ысык—Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан—чачын жаабайт.
Күндүз Чүй, Ысык—Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал—Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз +30…35
Талас түнкүсүн +12…17, күндүз +30…35
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…22, күндүз +30…35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…14, күндүз +21…26
Нарын облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +21…26
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…20°, күндүз +32…34° ысык болот.
Сүрөт: «ПолитКлиника»