15-июлда: Айрым жерлерде 41 градуска чейин ысык болот
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 15-июлда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +35…+40;
Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +36…+41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




