15-декабрда: Айрым жерлерде жаан жана кар жаашы күтүлөт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 15 декабрда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жана кар жаайт, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан жаашы күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -1…+4;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…+4, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…+5.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз +2…+4° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




