15-августтагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 15-августта, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым аймактарында өткүн өтөт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +31…+36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




