15-апрелде: Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт
- 2 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 15-апрелде, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +16…+21;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт, кечке жуук жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9°, күндүз +25…+27 градус ысык күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg




