Бекназаров: «Атамбаевди камоону максат кылбай, системаны өзгөртүп, реформа жасоо керек»

  • 5 лет мурун

Саясатчы, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров бүгүн, 17-июнда, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басма сөз конференциясын өткөрүп жатат. «ПолитКлиника» медиасынын фейсбук баракчасында түз эфирде көрүнүздөр.

Анда Бекназаров бүгүн Кыргызстанда эки адамдын, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда эрегишүү болуп жатканын белгиледи.

—Бүгүн эки адамдын жеке амбициясынан чыккан эрегишүү болуп жатат. Бул эрегиштин курмандыгы Жогорку Кеңеш, ЖМК , коомчулук да болууда, -деди ал.

Бекназаров мындай жол менен бийликтеги кризисти, маселени чечүүгө болбой турганын белгиледи.

Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевдин мыйзам бузганы 2012-жылы эле, Коррупцияга каршы кызматты түзгөндө башталганын 2015-жылы да Конституцияны бузганда белгилүү болгону тууралуу билдирди.

Ал буга чейин эле «Унчукпай коюуга укугум» жок деген ураан алдында Алмазбек Атамбаевдин конституциялык мыйзам бузганыу тууралуу ал Президент кезинде айтып келгенин кулак кагыш кылды.

Бекназаров Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти ырас эле «чимкирикке» теңеп айтканы туура экенин билдирди. Бекназаров юридикалык жактан азыр экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тарта албай турганын, комиссиянын адилеттүулүгүнөн күмөн саноо болуп жатканын билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча комиссиянын курамына коомчулуктун, ,жарандык коомдук өкүлдөрүн да тартыш керек деген пикирин айтты.

Азимбек Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаевди камоону максат кылбай, системаны өзгөртүү керектигин баса белгиледи:

«Атамбаевди камоону максат кылбай, системаны өзгөртүу, конституциялык реформа жасоо керек» деп айтты Бекназаров

Эгер Атамбаев коррупцияга айыптала турган болсо, анда ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары да жооп берсин деди ал.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты