Атамбаев азыркы бийликтин өзүм билемдиги токтобосо, Президентти кетирүү талабын коюшарын билдирди
- 5 лет мурун
Экс-президент Атамбаев азыркы бийликтин өзүм билемдиги токтобосо, «Сооронбай, кет!» деп чыгарын айтты.
Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда, Бишкекте КСДП уюштурган митингде билдирди.
«Азыркы зөөкүрдүк, өзүм билемдик токтобосо, «Сооронбай, кет!» — деп чыгабыз. «Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол» деп талап коебуз» деди Атамбаев.
Ушул эле митингдеги сөзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовго жана бийликке сын-пикирин айткан.
Муну бөлүшүү