Абылгазиев «Азаттыктын» иликтөөсү тез арада текшерилишин талап кылды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев маалымдагандай, «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылыикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берилген.

2016-жылы бул корутунду кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн.

«Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген. Учурда финансылык чалгындоо кызматы финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 млн АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп «Дордой» жана Кара-Суу базарлары, ошондой эле Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат» деди ал.

«Азаттыкка” бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 миллион доллар чыгарылып кеткенин айткан.

Бул сумманын бир бөлүгү чет өлкө жарандарынын атына которулганы белгилүү болду. Ишенимдүү булактары 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын «Азаттыкка» билдирген.

Акчаны “Айэркин Саймаити” аттуу уйгур улутундагы Кытайдын жараны которгонун ырастады. Жүз миллиондогон доллар Түркия, Британия, Бириккен Араб Эмирлиги, Германия, Орусия, Кытай баштаган 13 өлкөгө которулган.

Бул фактыларга Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандарынын, атасынын атындагы фонддун катыштыгы барбы деген маселе иликтенип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты