​Бишкекте ысык суу эртеңден баштап берилет

  • 5 лет мурун

Бишкекте ысык суу эртең, 4-июндан, тартып бериле баштайт.

Бул тууралуу “Бишкек жылуулук түйүндөр” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Борбор шаарда ысык суу 6-майдан тартып токтотулган. Бул мезгилде суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

1-июнга карата жылуулук түтүктөрүндө оңдоону талап кылган 65 жер болгон. Алардын жарымы оңдолуп, жарымы жылуулук берилгенче оңдолору айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты