​Бишкекте «Кыялдар атласы» аттуу көргөзмө өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында “Кыялдар атласы” аттуу кѳргѳзмѳ өтүп жатат. Ал 3-июнга чейин уланат.

Бул долбоор Versare Creativ тобунун демилгеси менен Американын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашты.

Долбоордун максаты- ѳлкѳдѳгү кыздардын кыялдары менен бѳлүшүү, адамдарга шык берип, аларга колдоо кѳрсѳтүү менен кыялдарынын ишке ашуусуна жетелөө.

Уюштуруучу топтогулар кыздар кандай максат коёрун билүү үчүн 2018-жылдын октябрь айынан декабрга чейин ѳлкѳнүн жети дубанындагы 600дѳн ашуун кыз менен жолугуп,кыялдары менен бѳлүшүп кайтышкан.

Алардын ичинен кѳргѳзмѳдѳ 46 кыздын сүрѳтү илинип, максаттары жазылган.

Ошондой эле Зере, Айдана Оторбаева, Назик Кубатова, Арина Тургунбекова ѳз ийгиликтери менен бѳлүштү.

Кѳргѳзмѳ 3-июнга чейин уланат.

Айгүл Молдоканова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты