Ташкентке поездге билет сатыла баштады

  • 5 лет мурун

“Өзбек темир жолдору” Ташкент-Балыкчы каттамын жай мезгилине карата жандандырды.

Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” ишканасы маалымдады.

Өткөн жылдагыдай эле поезд жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү каттайт.

Билеттер сатыла баштады, 25-55% чейинки жеңилдиктер бар.

Бишкектен Ташкентке чейин жол кире: плацкарт вагондору 1946 сомдон, купе вагондору 2461 сомдон, люкс вагондор 4 602 сомдон башталат.

Жүргүнчүлөр тобуна 30% чейинки жеңилдиктер каралган. Поездде вагон-ресторан бар. Бишкектен Ташкентке 20 саат 30 мүнөттө жетүүгө болот.

Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Ташкент каттамы боюнча алгачкы поезд 2018-жылы 22-майда Ташкенттен чыккан. Поезд тогуз вагондон турган. Ал 300 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты