14-сентябрдагы аба ырайы

  • 4 недели мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 14-сентябрда күндүз Нарын облусунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ош облусунун өрөөндүү жерлеринде жана Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

 Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;

Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +25…+30;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты