14-сентябрда: Айрым жерлерде өткүн өтөт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 14-сентябрда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган жердерде жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 27…29° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




