14-октябрдагы аба ырайы
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 14-октябрда, күндүз Ысык-Көл облусунда жаан жаайт, бийик тоолуу райодордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак
Муну бөлүшүү




