14-майдагы аба ырайынын божомолу
- 1 год мурун
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 14-майда, түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан—чачын күтүлбөйт.
Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык—Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал—Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан—чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




