14-июнда: Ысык-Көлдө жаан жаап, күн күркүрөйт

  • 4 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 14-июнда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Талас облусунда  түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн15…20, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус ысышы күтүлөт.

Сүрөт: Ысык-Көлдө. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты