14-июлдагы аба ырайы: Өткүн өтөт
- 11 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 14-июлда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күңдүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 32…34 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




