14-февралда: Көпчүлүк аймактарда кар жана жаан жаашы күтүлөт    

  • 3 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 14-февралда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жана кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан кар, күндүз жаан жаайт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +7…+9.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты