14-декабрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 14-декабрда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Нарынр облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1.
Бишкек шаарында күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 9…11° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




