14-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 14-апрелде, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 17…22;

Талас облусунда 7…12, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты