14 айылдык кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды

  • 1 год мурун

Өлкөдө айылдык кеңештерге шайлоодо үгүт жүргүзүү бүгүн, 20-мартта, башталды, 8-апрелде аяктайт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.  

Маалыматта айтылгандай, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. 14 айылдык кеңеште мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган.

14 айылдык кеңешке бардыгы 493 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде – 174 аял-талапкер.

470 талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар.

14 айылдык кеңештин талапкерлери тууралуу маалымат менен “Талапкер” маалыматтык ресурсунда https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl  шилтемеси аркылуу тааныша аласыздар.

14 айылдык кеңеш депутаттары шайланат

Нарын облусу

 Жумгал району

Баткен облусу

 Баткен району

Ош облусу

Кара-Суу району

Алай району

Ноокат району

Кара-Кулжа району

Талас облусу

Кара-Буура району

Чүй облусу

Аламүдүн району

Жайыл району

Айылдык кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү 20-мартта башталып, 8-апрелде саат 8.00дө аяктайт.

2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй  облустарынын  айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты