​Ангела Меркель: “Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштарын тереңдетүү зарыл”

  • 5 лет мурун

«Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштары бар, бирок, аларды тереңдетүү зарыл», — деп белгиледи Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу алкагында басма сөз үчүн билдирүү жасоо учурунда.

Силер өз көйгөйлөрүңөрдү чечип жатасыңар — парламенттик демократиянын орношу, табигый жаратылыш ресурстарына болгон мамиле, геостратегиялык кыйынчылыктарды жеңүү жана көп тараптуу кызматташуу. Булардын баары бизди бириктирип турат», — деди Ангела Меркель.

Германия билим берүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алгандыгын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосунда билим берүү чөйрөсүндө 25 өнөктөшүбүз бар. Германияда 500 дөн ашык студент окуйт жана сиздердин делегацияда немис азчылыгынын өкүлдөрү бар. Алар биздин өлкөлөрдү бириктирген көпүрө болууда. Бүгүн Кыргызстанда дагы 8 миң немис жашайт», — деп белгиледи ал.

Ангела Меркель кечээ Мюнхенде өткөн экономикалык форум эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жакшы старт болуп калганын белгиледи.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты