Бишкекте эки тонна контрафакттык китеп жок кылынды

  • 5 лет мурун

Өлкөдөгү китептердин 60 пайыздан көбү контрафакттык болуп саналат. Бул тууралуу укук коргоочу Анара Дауталиева билдирди.

Анын айтымында 2019-жылдын март айынын аягында соттун чечими менен Россияда чыгарылган 8-9-класстардын 4,8 миң алгебра китептери алынып, жок кылынды. Жалпысынан эки тоннаны түзөт. Тендерде жеңүүчү аталган компания китептин авторлоруна кайрылбастан контрафакттык китептерди алып келген.

Бишкекте эки тонна контрафакттык китеп жок кылынды

“Бул көйгөйдүн келип чыгышына Бишкек шаарынын мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгы күнөөлүү”,-дейт укук коргоочу.

Анара Дауталиеванын билдирүүсүнө ылайык. китептердин автору китептерди жеткирүү тууралуу билгенден кийин сотко кайрылган. Соттук териштирүү иштери эки жыл жүргөндөн кийин, китептерди алып келген компаниядан китептер үчүн төлөнгөн сумма кайтарылып алынган.

Бишкекте эки тонна контрафакттык китеп жок кылынды

Бирок китептердин автору ошол эле суммага лицензияланган китептерди алып келүүгө макулдугун билдирген. Ал эми контрафакттык китептерди жок кылуу учурунда окуучулар ал китептер менен эмес, бишка китептер менен окугандыгы белгилүү болду.

Анара Дауталиева билим берүү башкармалыгы мектептердеги муктаждыктарды аныктагандан кийин гана билимберүү борборуна жаңы китептерди сатып алуу боюнча кайрылышы керектигин белгиледи. Бирок бул учурда мындай иш-аракеттер жасалган эмес.

Бишкекте эки тонна контрафакттык китеп жок кылынды

Контрафакттык китептер-автордун уруксаты жок сатууга берилген китептер. Алар сапаты боюнча түп нускасынан айырмаланып турат. Ал эми баасы бирдей эле.

Укук коргоочу Анара Дауталиева өлкөдөгү бардык китепкана фонддорун текшерүү боюнча президентке кайрылуу жасады. Азырынча жообу алына элек.

Сүрөттөр жана видео Анара Дауталиеваныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты