​Чүйдүн чүйгүн жерлерин сатууга көмөктөшкөн аткаминерлер жазасын алат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 9-январындагы Чүй облусунун Сокулук районунун активи жана коомчулугу менен жолугушуусу учурунда айтылган маселелер жана сунуштар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бийлик органдарынын ишмердигин текшерди. Жолугушуу учурунда алардын айткандар тастыкталды.

Бир нече жылдар бою өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга көмөк көрсөтүп келишкен.

Жоопкерчиликсиз мамиле айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин массалык түрдө көзөмөлсүз сатылуусуна жана ал жерлерде үйлөрдүн мыйзамсыз курулушуна себеп болгон.

Ойлонулбаган жана натыйжасыз жер саясаты чоң көйгөйлөргө алып келип, аларды өз убагында чечпөө калктын нааразычылыгын жана талаш-тартыштарды жаратууда.

Ведомстволор аралык жумушчу топ корутундулары жана сунуштары менен кеңири маалымат даярдады. Ал 2019-жылдын 1-апрелинде Өкмөткө жана Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты