Тиматинин бургеринен кайсы саясатчылар бурдады?

  • 5 лет мурун

Кечээ, орусиялык рэпер Тимати Бишкектеги соода борборлорунун биринде фастфуд саткан жайын ачып, ага көптөгөн шаар тургундары келди.

Социалдык тармактын колдонуучулары Тиматинин фастфуд саткан жайынын ачылышына экс жана учурдагы депутаттар да келип, акысыз бургерди бурдаганынвидеого тартып жарыялады. Видеодо Жогорку Кеңеш депутаттары Иса Өмүркулов, Таалайбек Масабиров, Марлен Маматалиев жана экс-депутаттар Ахматбек Келдибеков менен Равшан Сабировду ж.б. көрүүгө болот.

Ошондой эле, тебелендиде калып, жабыркаган жарандар дагы болгонун байкоого болот.

Бекер бургер бишкектиктерди, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын баш кылып эркине ээ жаа бердирбей, бир азгырды дейсиң! Бекер бургер болсо, бишкектиктер баарына кайыл болгудай!

Саламаттыкты сактоо министирлиги билдиргендей, кудай жалгап, “Тез жардамга” жеткен жок. Бирок, бекер бургер үмтөткөндөрдүн кээ бирин көпчүлүктүн тебелендиси жабыркатпай койбоптур.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер министирлиги жоголгон 20 дай баланы ата-энесине кайтарып берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты